2026-жылдын 7-октябрында саат 09:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу берүү турак үйлөрдө, мектептерде,  мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объектилеринде өчүрүлөт.

Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Чүй проспектиси – Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү – Осмонкул көчөсү.

Суу берүү   диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан, ошондой эле уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Урматтуу шаар тургундары!

«Менин шаарым» («Мой город») тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди өз убагында  аласыздар.