1-4-октябрь күндөрү Грециянын Салоники шаарында самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, ага Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин спорттун жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары Бишкек шаарынын курама командасынын курамында катышты.

Мелдештин жыйынтыгында борбор калаанын спортчулары үч медаль жеңип алышты.

Күжүрмөн самбо боюнча 64 кг чейинки салмак ченинде Дастан Исаков биринчи орунду ээлеп, дүйнө чемпиону аталды.

Кадеттер арасында 98 кг ашык салмак ченинде Илья Сухинин үчүнчү орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.

Ал эми 58 кг чейинки салмак ченинде кадеттер арасында Султан Жолболдуев күмүш медаль тагынды.

Спортчуларды ийгилиги менен куттуктайбыз! Алдыда дагы жаңы жеңиштерди жана жогорку спорттук жетишкендиктерди каалайбыз!