8-октябрдан 15-октябрга чейин борбор калаанын төрт районунда Бишкек шаарынын жергиликтүү коомчулугунун жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча тургундардын жыйындары өтөт. Аталган жыйында кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жүргүзүлөт.
Иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүүгө даярдыктын алкагында жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, иш-чаралардын планы иштелип чыгып, борбор калаанын райондорунда тургундардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги бекитилди.
Жалпысынан борбор калаанын төрт районунда жыйындар өткөрүлөт. Анын жүрүшүндө 500 өкүлдүн ичинен Бишкек шаарынан кезектеги V Элдик Курултайга катышуу үчүн 72 делегат шайланат.
Ленин району
№101 МАБ — 8-октябрда саат 17:00дө, №50 мектеп, Месарош көчөсү, 1;
№102 МАБ — 9-октябрда саат 17:00дө, №40 мектеп, Кахов көчөсү, 7;
№103 МАБ — 12-октябрда саат 17:00дө, №96 мектеп, Ак-Ордо конушу, Каркыра көчөсү, 93а;
№104 МАБ — 10-октябрда саат 17:00дө, №79 мектеп, Эр-Тайлак көчөсү, 75;
№105 МАБ — 12-октябрда саат 17:00дө, №68 мектеп, Токтогул көчөсү, 220;
№106 МАБ — 13-октябрда саат 17:00дө, №118 мектеп, Деповская көчөсү, 71;
№107 МАБ — 14-октябрда саат 17:00дө, №107 МАБдын имараты, Гагарин көчөсү, 6а, Жал айылы;
№108 МАБ — 14-октябрда саат 17:00дө, №58 мектеп, Восточная көчөсү, 2;
№109 МАБ — 15-октябрда саат 17:00дө, №104 мектеп, Новопавловка айылы, Р. Ашыpматов көчөсү, 25/2.
Свердлов району
№301 МАБ — 14-октябрда саат 17:00дө, №66 мектеп, Чыгыш-5 конушу, №1/а кварталы;
№302 МАБ — 9-октябрда саат 17:00дө, И. В. Гёте атындагы №23 мектеп, Жибек Жолу проспектиси, 725;
№303 МАБ — 9-октябрда саат 17:00дө, №10 мектеп, А. Үсөнбаев көчөсү, 164;
№303 МАБ — 12-октябрда саат 17:00дө, №46 мектеп, Сеченов көчөсү, 46;
№304 МАБ — 12-октябрда саат 17:00дө, №32 мектептин жыйындар залы, «Красный Строитель» конушу, Дубосековская көчөсү, 39/а;
№305 МАБ — 10-октябрда саат 17:00дө, №43 мектеп, «Ак-Бата» конушу, 3-көчө;
№305 МАБ — 11-октябрда саат 11:00дө, №21 мектеп, «Эне-Сай» конушу, Күлтегин көчөсү, 1;
№306 МАБ — 10-октябрда саат 17:00дө, №5 мектеп, Аламүдүн айылы, Гоголь көчөсү, 145;
№307 МАБ — 9-октябрда саат 17:00дө, Ж. Касымбаева атындагы №105 мектептин жыйындар залы, Школьная көчөсү, 4;
№308 МАБ — 11-октябрда саат 17:00дө, Р. Шүкүрбеков атындагы №38 мектептин жыйындар залы, Аламүдүн-1 кичи району, 38/1.
Октябрь району
№401 МАБ — 8-октябрда саат 14:00дө, 11-кичи район, 9/1, №63 мектеп;
№402 МАБ — 9-октябрда саат 17:00дө, 10-кичи район, Саманчин көчөсү, 10-а, №62 мектеп;
№403 МАБ — 10-октябрда саат 11:00дө, 6-кичи район, 4/1, №39 мектеп;
№404 МАБ — 12-октябрда саат 16:00дө, Скрябин көчөсү, 72, №37 мектеп;
№405 МАБ — 13-октябрда саат 11:00дө, Көк-Жар конушу, Санжыра көчөсү, 1, №88 мектеп;
№406 МАБ — 14-октябрда саат 10:00дө, Рухий Мурас конушу, 4-көчө, 55/1, №100 мектеп;
№407 МАБ — 15-октябрда саат 14:00дө, 12-кичи район, 23/1, №71 мектеп.
Биринчи Май району
№201 МАБ — 8-октябрда саат 12:00дө, Максим Горький көчөсү, 144, №29 мектеп;
№202 МАБ — 8-октябрда саат 15:00дө, К. Баялинов көчөсү, 124, №75 мектеп;
№203 МАБ — 9-октябрда саат 16:00дө, Көлмө конушу, Кеңеш көчөсү, 45/1, №78 мектеп;
№204 МАБ — 9-октябрда саат 14:00дө, Касым конушу, Патрис Лумумба көчөсү, 9, №83 мектеп;
№205 МАБ — 12-октябрда саат 15:00дө, Ак-Босого конушу, Профессор Зима көчөсү, 184/1, №101 мектеп;
№206 МАБ — 12-октябрда саат 14:00дө, Озерное айылы, орто мектеп, Школьная көчөсү, 7;
№207 МАБ — 13-октябрда саат 16:00дө, Маевка айылы, Маданият үйү, Школьная көчөсү, 86;
№208 МАБ — 14-октябрда саат 15:00дө, Маевка айылы, Маданият үйү, Школьная көчөсү, 86.