Темир жол өтмөгүндөгү тосмо жабдуусун алмаштыруу иштерине байланыштуу Асаналиев көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгү аркылуу автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Аталган өтмөк Бишкек-1 — Бишкек-2 темир жол тилкесинин 3778-чакырымында жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, иштер 2026-жылдын 8, 9, 10 жана 11-октябрь күндөрү саат 21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин жүргүзүлөт.
Бул убакыт аралыгында темир жол өтмөгү аркылуу унаалардын өтүүсүнө жарым-жартылай чектөө киргизилет. Оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт. Алгач жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн бир тарабы жабылып, ал жердеги иштер толук аяктагандан кийин экинчи тарабы жабылат.
Айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландаштырууда киргизилген убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана жол белгилеринин талаптарын сактоону өтүнөбүз.