Бишкек шаарынын мэриясында мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Калктуу конуштар боюнча программасынын (БУУ-Хабитат) делегациясынын катышуусунда жолугушуу өттү.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө турак жай саясатына байланыштуу актуалдуу маселелер, калкты жеткиликтүү жана жетиштүү турак жай менен камсыз кылуу, ошондой эле Бишкек шаарынын Турак жай профилин даярдоо маселелери талкууланды.
Катышуучулар шаар алдында турган учурдагы көйгөйлөрдү, шаардын муктаждыктарын жана туруктуу, комплекстүү шаардык өнүгүү багытындагы мындан аркы кызматташтыктын негизги багыттарын карап чыгышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкек шаарынын Турак жай профилин даярдоонун алкагында мындан аркы кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашышты. Анын ичинде зарыл болгон маалыматтарды жана тиешелүү маалыматтык материалдарды алмашуу, турак жай саясаты жаатындагы негизги артыкчылыктарды жана учурдагы муктаждыктарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлөт.



