Бишкек шаарында №227 автобус каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүү киргизилди.
Буга чейин №227 каттам Тагай Бий көчөсү аркылуу жүрүп келген. Учурда аталган көчө аркылуу башка да автобус каттамдары тейлеп жаткандыктан, ал эми ага катарлаш жайгашкан Каркыра көчөсүндө коомдук транспорт каттамы жок болгондуктан, №227 автобустун жүрүү схемасын өзгөртүү чечими кабыл алынды.
Жаңы схемага ылайык, №227 автобус каттамы Каркыра көчөсү аркылуу жүрөт.
Бул өзгөртүү аталган аймактын тургундарын коомдук транспорт менен камсыз кылуу, жүргүнчүлөр үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана шаардагы каттамдык тармакты бирдей бөлүштүрүү максатында киргизилди.
