3–4-октябрь күндөрү дене тарбия ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде кадеттер жана юниорлор арасында дзюдо боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү.

Мелдеш Кыргыз Республикасынын кадеттер арасында дзюдо боюнча биринчилигине катыша турган спортчуларды тандоонун этаптарынын бири болду.

«Дельфин» ОРАБӨМдүн дзюдо бөлүмүнүн тарбиялануучулары спорт мектебинин намысын татыктуу коргоп, мелдештин жыйынтыгында жети байгелүү орунга ээ болушту.

Кадеттер арасында:

* 1-орун — Милана Захарова, 57 кг чейинки салмак ченинде;
* 2-орун — Нурислам Рустамов, 50 кг чейинки салмак ченинде;
* 3-орун — Актан Зарлыков, 81 кг чейинки салмак ченинде.

Юниорлор арасында:

* 1-орун — Талгат Абдыкадыров, 60 кг чейинки салмак ченинде;
* 2-орун — Байэл Шаршенбеков, 73 кг чейинки салмак ченинде;
* 3-орун — Нурсултан Кемельбеков, 60 кг чейинки салмак ченинде;
* 3-орун — Назик Шаршеналиева, 52 кг чейинки салмак ченинде;
* 2-орун — Алия Маматкеримова.

Мелдештин жыйынтыгында «Дельфин» ОРАБӨМдүн спортчулары жакшы даярдыгын көрсөтүп, татыктуу жыйынтыкка жетишти.