2026-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Экологиялык кеңештин төртүнчү отуруму ачык форматта өттү.
Иш-чара И. Айдарбеков көчөсүндөгү жаңыланган бульварда — мурдагы Жаш Гвардия бульварында өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык кызматтардын жетекчилери, активдүү жарандар, эколог-активисттер, ыктыярчылар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.
Катышуучулар реконструкция иштеринин жыйынтыктары менен таанышып, жаңыланган аймакты жөө кыдырып чыгышты. Ж. Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилкеде болжол менен 60 миң чарчы метр аймак көрктөндүрүлүп, 39,5 миң чарчы метр тротуар төшөлдү. Ошондой эле 16,2 чакырым сугат арыктары жаңыланды.
Бульварга жаңы жарыктандыруу мамылары, отургучтар жана таштанды челектери орнотулду. Балдар жана воркаут аянтчалары, ошондой эле иттерди сейилдетүүгө арналган атайын аянтча курулду.
Аймакты жашылдандырууга жана сугарууга өзгөчө көңүл бурулду. Сугат системасы жаңыртылып, жаадырма сугаруу жабдуулары орнотулду, жашыл аймактар иретке келтирилди. Үч фонтан оңдолуп, үч ичүүчү фонтан орнотулду. Мындан тышкары, майыптыгы бар жарандар үчүн пандустар жасалды.
Жөө кыдыруу учурунда мэр шаардык чөйрөнүн жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган ишке ашырылган чечимдер тууралуу айтып берди. Катышуучуларга иттерди сейилдетүүчү аянтча жана көрктөндүрүүнүн башка элементтери да көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, Бишкек санитардык полигонунун аймагындагы таштандыларды сорттоочу линияда өндүрүлүп жаткан кудуктардын капкактары жана сугат арыктары өзүнчө тааныштырылды.
Иш-чаранын алкагында бак-дарактар жана көчөттөр отургузулду. Ошондой эле мэр шаардык сугат системасын жаңыртуу жана жашыл аймактарды натыйжалуу сугарууну камсыз кылган шлюздардын иши тууралуу маалымат берди.




















