Бишкек шаарында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2026-жылдын 9-октябрынан тарта №57 автобус каттамы ишке кирди.

Жаңы каттам «Тунгуч-2 кичи району (айланма)» багыты боюнча уюштурулду. Автобустар Анкара, Ауэзов, Абдрахманов көчөлөрү жана Чүй проспектиси аркылуу жүрөт. Каттамда «Yutong» үлгүсүндөгү 10 автобус кызмат көрсөтөт.

№57 автобус каттамынын ишке кириши Тунгуч-2 кичи районунун жана ага чектеш аймактардын тургундарын коомдук транспорт менен камсыздоону жакшыртууга, ошондой эле шаар ичинде жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.

Автобустардын кыймылы бекитилген каттам схемасына ылайык уюштурулат.

Белгилей кетсек, автобустар каттамга чыгар алдында алардын техникалык абалы текшерилип, айдоочулар медициналык кароодон өткөрүлөт.