Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти 48 спортчуга Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкер наамынын күбөлүктөрүн тапшырды.
Күбөлүктөрдү департаменттин директору Канатбек Маматов тапшырды. Ал спортчуларды спорттук разрядга ээ болушу менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди жана жогорку спорттук жетишкендиктерди каалады. Ошондой эле эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, өлкөбүздүн атын чыгарууга тилектештигин билдирди.
Күбөлүктөр дартс, велоспорт, джиу-джитсу жана таэквондо ИТФ боюнча спортчуларга тапшырылды.
Дартс боюнча спорт чеберине талапкер наамын алгандар:
* Мамбеткадыров Аманбек;
* Токтосун уулу Бакыт;
* Аскарбекова Айдина;
* Алмазбек кызы Акбермет;
* Касымалиева Бурул;
* Мээримбекова Айназик.
Велоспорт боюнча спорт чеберине талапкер наамын алгандар:
* Бабунова София;
* Сериков Абдукадыр;
* Сакитаев Уларбек;
* Зелененко Артём;
* Ажмал Ромал.
Джиу-джитсу боюнча спорт чеберине талапкер наамын алгандар:
* Шаршенкулов Адиль;
* Хасанов Ислам;
* Толонов Кунанбай;
* Батырканов Енисей;
* Батырканов Кадыр;
* Тентиев Жусуп;
* Лисицкий Леонид;
* Бердибеков Уран;
* Орозалиев Нусуп;
* Байгараев Ильяс;
* Исмаилов Артем.
Таэквондо ИТФ боюнча спорт чеберине талапкер наамын алгандар:
* Кастаева Айкол;
* Койлубаева Аймира;
* Сардарбекова Алина;
* Токтосунов Эржан;
* Ажимуратова Алина;
* Назаралиева Раяна;
* Мусаева Санат;
* Абдывалиева Медина;
* Камилов Нурел;
* Хакимжанов Руслан.
Спорт чеберине талапкер наамынын күбөлүктөрүн тапшыруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Спортчуларды колдоо жана спорттук жетишкендиктерди өнүктүрүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.











