«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы жол оңдоо иштерине байланыштуу 2026-жылдын 10-октябрында саат 07:00дөн 23:00гө чейин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилерин маалымдайт.
Чектөө төмөнкү тилкелерде күчүндө болот:
- Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейинки аралыкта;
- Карасаев көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейинки аралыкта.
Айдоочулардан каттамдарын пландаштырууда бул маалыматты эске алып, алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууларын суранабыз.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.