Борбор калаанын райондорунда жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн V Элдик курултайга катышуу үчүн шайлоо боюнча тургундардын жыйындары башталды.

Алсак, 2026-жылдын 8-октябрында Ленин районунун №101 муниципалдык аймактык башкармалыгында (МТУ) жыйын өттү. Ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Сариев жана Бекзат Мамырканов, ошондой эле аталган аймактын 80ден ашуун тургуну катышты. Жыйындын жыйынтыгында Элдик курултайга катышуу үчүн 15 делегат шайланды.

Биринчи Май районундагы №201 жана №202 МАБдарда тургундардын жыйындары өткөрүлдү. №201 МАБнын аймагындагы жыйынга 50дөн ашуун жергиликтүү тургун катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 24 делегат шайланды. Ал эми №202 МАБда өткөн иш-чарага 50дөн ашуун тургун катышып, ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында V Элдик курултайга катышуу үчүн 18 делегат тандалды.

Октябрь районундагы №401 МАБнын аймагында өткөн жыйынга жергиликтүү жамааттын 52 өкүлү катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 12 өкүл шайланды. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Татьяна Кузнецова да катышты.

Жыйындар белгиленген тартипти сактоо менен, ачык-айкындуулук жана айкындык принциптеринин негизинде, жергиликтүү тургундардын активдүү катышуусунда өткөрүлүүдө.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык уюштурулууда.

Жыйындарды өткөрүүнүн максаты — жарандардын коомдук маанидеги процесстерге катышуусун камсыз кылуу жана мыйзам талаптарына ылайык V Элдик курултайда жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүгүн түзүү.