2026-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында жарандардын экологиялык укуктары, аларды коргоо жана ишке ашыруунун практикалык механизмдерине арналган талкуу болуп өттү.
Иш-чараны «MoveGreen» коомдук бирикмеси уюштурду. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана эксперттик коомчулуктун мүчөлөрү катышты.
Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти «Экологиялык укуктар иш жүзүндө» аттуу ачык диалогго катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө департаменттин өкүлдөрү катышуучулар менен биргеликте жарандардын экологиялык укуктарына жана бул багыттагы мамлекеттик органдардын жоопкерчилигине байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Иш-чарада экологиялык укуктар деген эмне, кайсы учурларда экологиялык көйгөй укуктун бузулушуна айланат жана жарандар экологиялык укуктары бузулган учурда Акыйкатчы институтуна кандай тартипте кайрыла алышат деген суроолор каралды. Эксперттер мониторингдин жыйынтыктарын сунуштап, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында негизги тыянактар сунушталып, сунуштамаларды камтыган жыйынтыктоочу документти даярдоо боюнча кийинки кадамдар белгиленди.







