2026-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Атап айтканда, трамвай жолдорун куруу, метробус (BRT — автобустардын ылдам жүрүүчү системасы) системасын киргизүү, метро куруу мүмкүнчүлүктөрү жана транспорт тармагындагы башка заманбап чечимдер каралды.

Өзгөчө көңүл калкынын саны өсүп жаткан шаардын керектөөлөрүн эске алуу менен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүн болгон жолдорун изилдөөгө, ошондой эле алардын техникалык жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун баалоого бурулду.

Талкуунун жыйынтыгында мындан аркы иш-аракеттердин жол картасын иштеп чыгуу жана келечектүү транспорттук долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоо маселесин карап чыгуу сунушталды. Франция тарап бул ишти каржылык жактан колдоого даяр экенин билдирди.

Бул келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн баалоого, зарыл болгон ресурстарды аныктоого жана Бишкек шаарынын транспорт системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун соңунда тараптар өткөрүлгөн диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо боюнча мүмкүн болгон чечимдерди мындан ары да талкуулоого даяр экендиктерин билдиришти.