Бишкек шаарынын райондорунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, кезектеги V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү тургундардын жыйындары уланууда.
Алсак, 2026-жылдын 9-октябрында Ленин районундагы № 102 муниципалдык аймактык башкармалыгында (МАБ) өткөн жыйынга 60тан ашуун тургун жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Нурумбет Иманказиев катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 15 делегат шайланды.
Свердлов районундагы жыйындар № 307, № 302 жана № 303 муниципалдык аймактык башкармалыктарынын аймактарында өттү.
- № 307 МАБда өткөн жыйынга 76 тургун катышып, анын жыйынтыгында 12 өкүл шайланды.
- № 302 МАБда 75 адам катышып, 17 өкүл шайланды.
- № 303 МАБда 60 катышуучу катталып, жыйынтыгында 8 өкүл шайланды.
Аталган жыйындарга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Гүлназ Халилова, Султан Жапиев жана Марат Аскеров катышты.
Октябрь районундагы № 402 муниципалдык аймактык башкармалыгында жергиликтүү жамааттын 55 тургунунун катышуусунда жыйын өттү. Белгиленген квотага ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйынына катышуу үчүн 22 өкүл шайланды. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жибек Шарапова катышты.
Биринчи Май районундагы № 203 жана № 204 муниципалдык аймактык башкармалыктарында да жыйындар өткөрүлдү. № 203 МАБда өткөн жыйынга 109 тургун катышып, 13 өкүл шайланды. Ал эми № 204 МАБдагы жыйынга 83 тургун катышып, анын жыйынтыгында 14 өкүл шайланды.
Бардык жыйындар белгиленген тартипте, зарыл болгон кворум сакталуу менен өткөрүлдү.
V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо жарандардын өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусун камсыздоого жана жергиликтүү маанидеги актуалдуу маселелерди талкуулоого багытталган.









