Бишкек шаарынын райондорунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгын аткаруунун алкагында жер тилкелерин өз алдынча басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чаралар улантылууда.

Свердлов районундагы «МТФ-2» жана «Нуркожо-Ата» конуштарында текшерүүлөр жүргүзүлдү. Жергиликтүү тургундарга жер мыйзамдарын сактоонун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Октябрь районунда №407 жана №406 муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МТУ) аймактарында, №232, №172 жана №154 контурларында (Анар-Бак конушу) рейддер өткөрүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу жана өз алдынча курулуш жүргүзүү фактылары аныкталган жок.

Ленин районунда №106, №107 жана №109 МАБдарынын аймактарында, ошондой эле №105, №106, №107 жана №166 контурларында текшерүүлөр жүргүзүлдү. Аталган аймактарда мыйзамсыз курулуш фактылары аныкталган жок.

Ошол эле учурда Ак-Ордо конушунда №203 (№520 контур), №2627 (№498 контур) жана №142 (№520 контур) жер тилкелеринде мыйзамсыз курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталды. Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Биринчи Май районунда МАБ жетекчилеринин жана Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жыйынтыгында күн сайын рейддерди уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди.

Рейддик  иш-чаралар менен катар калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Тургундарга жер тилкелерин өз алдынча басып алууга жол берилбестиги жана жерге болгон укуктарды мыйзамда белгиленген тартипте жол-жоболоштуруу зарылдыгы түшүндүрүлүүдө.

Жер мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана жер пайдалануу жаатында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында борбор калаанын бардык райондорунда рейддик жана профилактикалык иш-чаралар улантылат.