Таанышуунун алкагында Нагоя шаарынын (Япония) өкүлдөрү «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасына барышып, ишкананын ишин уюштуруу тартиби жана жылуулук менен камсыздоо тармагында колдонулган технологиялык чечимдер менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө конокторго автоматташтырылган типтүү жылуулук пунктунун иштөө тартиби көрсөтүлүп, ошондой эле ишкананын ишмердүүлүгүндө колдонулган программалык камсыздоо жана санариптик чечимдер тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, делегация ишкананын борбордук диспетчердик пунктуна барып, анын иштөө принциптери, жылуулук менен камсыздоо системасын көзөмөлдөөнү уюштуруу тартиби менен таанышты. Ошондой эле насостук станциялардын бирине барышты.

Мындай жолугушуулар кесиптик тажрыйба алмашууга жана коммуналдык инфраструктуранын ишин уюштуруунун ар кандай ыкмалары менен таанышууга өбөлгө түзөт.

Нагоя шаарынын өкүлдөрү Бишкек шаарынын башка муниципалдык ишканаларына да барышты.