«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы 2026-жылдын 12-октябрынан тартып түштүк районунун абоненттик бөлүмү жаңы дарек боюнча иштей баштаганын маалымдайт. Дареги: Лермонтов көчөсү, 2А.
Абоненттик бөлүмдүн иш тартиби:
Дүйшөмбү – бейшемби: саат 07:30дан 16:30га чейин;
Жума: саат 07:30дан 15:30га чейин;
Түшкү тыныгуу: саат 11:30дан 12:30га чейин;
Ишемби, жекшемби — эс алуу күндөрү.
Абоненттерден бөлүмгө барууну пландаштырууда даректин өзгөргөнүн эске алууну өтүнөбүз.
