Жылытуу мезгилинин алдында Энесай-1 конушунун тургундарына жылуулук насосторунун артыкчылыктары жана аларды орнотуу үчүн мамлекеттик жеңилдетилген насыя алуу шарттары тууралуу маалымат берилди. Маалыматтык жолугушуу № 21 мектепте өтүп, ага 73 адам катышты.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин адистери тургундарга жылдык 6 пайыздык үстөк чен менен, беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат беришти. Насыянын каражатын экологиялык жактан таза жылытуу системаларын сатып алууга жана орнотууга, ошондой эле ага байланыштуу кошумча чыгымдарды жабууга жумшоого болот.
Жолугушуунун жүрүшүндө адистер жылуулук насосторунун иштөө принцибин түшүндүрүп, алардын электр энергиясын керектөөсү жана ай сайынкы болжолдуу чыгымдар тууралуу айтып беришти. Жылытууга кеткен чыгымдар үйдүн аянтына, жылуулук изоляциясынын сапатына, жабдуунун мүнөздөмөлөрүнө жана аба ырайынын шарттарына жараша өзгөрөрү белгиленди. Сунушталган эсептөөлөргө ылайык, жылуулук насосу менен жылытуу көмүр менен жылытууга салыштырмалуу чыгымдарды дээрлик төрт эсеге чейин азайтууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн учурда жабдуулардын иштөөсүнө өзгөчө көңүл бурулду. Тургундарга жылуулук насостору орнотулган үйлөр тууралуу видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.




