«Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүү боюнча жыл сайын окуудан өтүшөт. Сабактарды ишкананын коопсуздук техникасы жана ишенимдүүлүк кызматынын (КТИК) адистери ишкананын окуу классында өткөрүшөт.
Окуу программасы теориялык жана манекенде практикалык сабактарды камтыйт. Кызматкерлер биринчи жардам көрсөтүүнүн негизги эрежелерин, ар кандай кырдаалдарда аракеттенүү тартибин үйрөнүп, зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшөт.
Кийинки жылдан тартып, быйыл окуудан өткөн кызматкерлер окуу материалдары боюнча экзамен тапшырышат. Бул өздөштүрүлгөн билимдердин жана практикалык көндүмдөрдүн деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет.
Окутуунун максаты — медициналык кызматкерлер келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүүнү талап кылган кырдаалдарда кызматкерлердин туура жана өз убагында аракеттенүүгө даярдыгын жогорулатуу.




