2026-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарынын райондорунда V Элдик курултайга катыша турган делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү тургундардын жыйындары өттү.

Ленин районунда жыйын № 104 муниципалдык аймактык башкармалыгында өттү. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Тилек Асылбеков жана Миргүл Расул кызы, ошондой эле 120дан ашуун тургун катышты. Жыйындын жыйынтыгында V Элдик курултайга катышуу үчүн 14 делегат шайланды.

Октябрь районунда жыйын № 403 муниципалдык аймактык башкармалыгында өтүп, ага жергиликтүү коомчулуктун 58 тургуну катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында V Элдик курултайга катышуу үчүн 25 делегат шайланды. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Каныкей Алымкулова да катышты.

Свердлов районунда № 305 муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарынын жыйыны «Ак-Бата» конушунда жайгашкан № 43 мектепте өттү. Иш-чарага 58 тургун катышты. Жыйындын жыйынтыгында V Элдик курултайга катышуу үчүн 16 делегат шайланды. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Султан Жапиев да катышты.

Мындан тышкары, № 306 муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарынын жыйыны № 5 мектепте өттү. Ага каттоодон өткөн 58 тургун катышты. Жолугушуунун жыйынтыгында V Элдик курултайга катышуу үчүн 16 делегат шайланды. Жыйынга Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Дунканаев катышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучулар V Элдик курултайды уюштуруу маселелерин жана делегаттарды шайлоонун тартибин талкуулашты.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык өткөрүлүүдө.