№ 43 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты авариялык абалда экендиги сейсмологиялык институттун тиешелүү корутундусу менен тастыкталган.
Тарбиялануучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мектепке чейинки билим алуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан балдар бакчасынын жаңы имаратын куруу боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоорлоо иштери аяктагандан кийин объектти 2027-жылга карата курулуш объекттеринин титулдук тизмесине киргизүү маселеси каралат. Жаңы имаратты куруу бардык зарыл жол-жоболордон өткөндөн кийин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө ишке ашырылышы пландалууда.
2026-жылдын 8-октябрында Ленин муниципалдык администрациясында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Р. И. Мусаеванын катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда балдарды башка мектепке чейинки билим берүү уюмдарына бөлүштүрүү маселеси каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында балдарга жакын жайгашкан № 5, № 21, № 37, № 55 жана № 74 мектепке чейинки билим берүү уюмдарына бөлүштүрүү жүргүзүлдү. Бөлүштүрүүдө үй-бүлөлөрдүн жашаган жерине карата билим берүү уюмдарынын аймактык жакындыгы, ошондой эле ата-энелердин иштеген жерин эске алуу менен ыңгайлуулук жагдайлары эске алынды.
Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында болушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана № 43 балдар бакчасынын жаңы, заманбап имаратын курууга даярдык көрүү негизги артыкчылыктуу милдеттер бойдон калууда.