12-октябрда «Ала-Тоо» кинотеатрында жаш режиссёр Каныбек Калматовдун «Айтматов» аттуу автобиографиялык драмасынын социалдык көрсөтүүсү болуп өттү. Тасманы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери жана борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин мугалимдери көрүштү. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин колдоосу менен уюштурулду.

Көрсөтүүнүн максаты — Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын сактоо жана кеңири жайылтуу, ошондой эле жаш муунду руханий жана маданий баалуулуктарга тартуу.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева катышты. Ал мугалимдер үчүн атайын көрсөтүүнү уюштурган тараптарга ыраазычылык билдирип, тасманын билим берүү жана тарбиялоо иштериндеги маанилүүлүгүн белгиледи.

«Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу баяндаган бул тасманы мугалимдер үчүн атайын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Тасманы көргөндөн кийин тарыхыбызды дагы тереңирээк изилдеп, окуу канчалык маанилүү экенин түшүндүм. Тасманы абдан толкундануу менен, көзүбүзгө жаш алып көрдүк. Биз, мугалимдер, улуу инсандарды тарбиялап өстүрүшүбүз керек», — деп белгиледи мэрдин орун басары.