Бишкек шаарынын райондорунда V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү тургундардын жыйындары уланууда.
Свердлов районунда 11-октябрда № 308 муниципалдык аймактык башкармалыгынын (МАБ) аймагында жашоочулардын жыйыны өтүп, ага 83 адам катталган. Ошол эле күнү Эне-Сай конушунун тургундарынын жыйыны № 21 мектепте өткөрүлдү. Иш-чарага 67 тургун катышты.
12-октябрда № 304 жана № 303 МАБдын аймактарында жашоочулардын жыйындары өттү. № 304 МАБдын аймагындагы жыйынга 83 адам, ал эми № 303 МАБдын аймагындагы жыйынга 66 тургун катышты.
Октябрь районунда 2026-жылдын 12-октябрында № 404 МАБдын аймагында жергиликтүү коомчулуктун жыйыны өткөрүлдү. Ага 67 тургун катышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында 14 өкүл шайланды.
Ленин районунда 12-октябрда № 105 жана № 103 муниципалдык аймактык башкармалыктарынын аймактарында V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындар өттү. № 105 МАБдын аймагындагы жыйынга 60тан ашуун тургун, ал эми № 103 МАБдын аймагындагы жыйынга 157 адам катышты. Жыйындардын жыйынтыгында № 105 МАБдан 15 делегат, № 103 МАБдан 14 делегат шайланды.
Биринчи Май районунда өткөрүлгөн жыйындардын жыйынтыгында № 205 МАБдын аймагынан 19 өкүл, ал эми № 206 МАБдын аймагынан 6 делегат шайланды.
Жыйындар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык өткөрүлүүдө.















