Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан Лебединовка айылынын Ленин проспектиси, 264 дарегинде жайгашкан «Рублёвка» унаа жуучу жайын жана жеңил типтеги күркөнү демонтаждоо иштери аяктады.

Демонтаждоо иштери комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлдү.

Натыйжада 200 чарчы метр жер тилкеси бошотулду. Бул аймакта көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.