Бишкекте шаар четине каттаган таксилердин жана чыгыш, түндүк-чыгыш, түштүк-чыгыш багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган минивэндердин ишин иретке келтирүү максатында Чыгыш автобекетинин аймагында жаңы унаа токтотуучу жай даярдалды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, Аламүдүн базарынын аймагында жүргүнчүлөрдү түшүрүп жана салып жаткан ташуучулар Чыгыш автобекетинин маңдайында атайын даярдалган аянтчага көчүрүлөт. Бул башаламан унаа токтотууну азайтууга жана ага чектеш көчөлөрдөгү жол тыгындарын жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

Урматтуу шаар тургундары! Киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, шаар четине каттаган таксилерге түшүү үчүн атайын уюштурулган аянтчаны колдонууну өтүнөбүз. Бул жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана борбор калаанын көчөлөрүндөгү транспорттук жүктү азайтууга өбөлгө түзөт.