Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Панфилов атындагы паркта жаңы амфитеатрдын ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземинде борбор калаанын мэри мындай коомдук мейкиндиктерди түзүү шаарды көрктөндүрүү менен гана чектелбестен, шаар тургундарынын руханий өнүгүүсүнө, маданий салттарды сактоого жана борбор калаанын тургундары менен конокторунун эс алуусун уюштурууга да багытталганын белгиледи.
«Биздин милдет — көчөлөрдү өнүктүрүүгө, мектептерди жана инфраструктураны курууга гана эмес, шаар тургундарынын руханий өнүгүүсүнө да көңүл буруу. Биз борбор калаанын тургундары менен коноктору бул жерге келип, эс алып, музыкадан жана маданий иш-чаралардан ырахат алышын каалайбыз», — деди Айбек Джунушалиев.
Ошондой эле ал буга чейин паркта музыкалык жана бий иш-чаралары өткөрүлүп, алар көптөгөн шаар тургундарынын эсинде жылуу эскерүүлөрдү калтырганын белгиледи. Амфитеатрдын ачылышы ошол салттарды кайра жандандырууга жана кийинки муундарга өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан ары ар жума жана ишемби күндөрү бул аянтчада Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган артисттердин, элдик өнөрпоздордун чыгармалары жана ар кандай концерттик программалар өткөрүлүп турат. Ал эми калган күндөрү амфитеатр коомдук жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланылат.
Жаңы амфитеатр ар кандай муундагы шаар тургундарын бириктирген маданий баарлашуу, эс алуу жана иш-чараларды өткөрүү үчүн ачык мейкиндикке айланат.











