Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти райондук билим берүү башкармалыктары менен биргеликте «ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы — 2026» сынагына катышууда.
Сынакка «Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү максатында мектепке чейинки билим берүү уюмдарын трансформациялоо» («Бала бакчаларды трансформациялоо») аттуу тажрыйба сунушталды.
Аталган тажрыйба мектепке чейинки билим берүү уюмдарын трансформациялоо, колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу жана мектепке чейинки билим берүү системасына жаңы чечимдерди киргизүү аркылуу балдардын мектепке чейинки билим алууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Сынактын алкагында сунушталган тажрыйбалар үчүн ачык добуш берүү жүрүп жатат. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин тажрыйбасы № 8 номери менен сунушталган.
Тажрыйбаны төмөнкүдөй жол менен колдоого болот:
Instagram социалдык тармагындагы сынактык жарыяга өтүү;
№ 8 тажрыйбаны табуу;
комментарийге «Добуш берем!» деп жазуу;
жарыяга жактыруу белгисин («лайк») коюу.
Добуш берүү мөөнөтү:
Башталышы — 14-октябрь, саат 09:00.
Аякташы — 18-октябрь, саат 23:59.
18-октябрда саат 23:59да «СТОП» белгиси жарыялангандан кийин берилген добуштар эсепке алынбайт. Ар бир катышуучудан бир гана добуш кабыл алынат.
Бишкек шаарынын мэриясы билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин, ата-энелерди, борбор калаанын тургундарын жана бардык кызыкдар тараптарды № 8 тажрыйбаны колдоого чакырат.
Добуш берүү Бишкектин тажрыйбасын республикалык деңгээлде таанытууга жана мектепке чейинки билим берүү тармагында ишке ашырылып жаткан чечимдерге коомчулуктун көңүлүн бурууга мүмкүнчүлүк түзөт.
№ 8 тажрыйбаны төмөнкү шилтеме аркылуу колдоого болот:
https://www.instagram.com/p/DecjMbqjpAY/?img_index=6&dlrf=MXB5aHdraWQ0dDhlcA==