Свердлов районунда жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өттү.
Иш-чарага Свердлов районунун прокурору С. Сарыков, райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Т. Тюкебаев, муниципалдык администрация башчысынын орун басары А. Арстамбекова, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Ж. Абдыжапарова, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана мектеп психологдору катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө укук бузуулардын, буллингдин жана зомбулуктун алдын алуу, баңги каражаттарын колдонууга жана жайылтууга каршы күрөшүү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын жанында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды.
Ошондой эле балдардын жүрүм-туруму үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу, жашы жете электерди тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролун күчөтүү жана ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, катышуучуларга билим берүү уюмдарында акча каражаттарын чогултууга тыюу салынганы эскертилди.
Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар берилди.


