Жакында Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарынын арасында «Мыкты кыргыз тили жана адабияты кабинети» аттуу сынак-кароо өткөрүлдү. Сынакка борбор калаанын 7 мектеби катышты.

Сынактын негизги максаты — кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун сапатын жогорулатуу, окуу-методикалык базаны өркүндөтүү жана мамлекеттик тилди үйрөнүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Сынактык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкери Айнура Сооронбаева, Билим берүү департаментинин жетектөөчү адиси Перизат Бакирова жана Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Аксана Аманова кирди.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:

I орун — № 79 мектеп;
II орун — А. Каниметов атындагы № 1 мектеп;
III орун — № 10 жана № 40 мектептер.

Сынак кыргыз тилин жана адабиятын үйрөнүү үчүн билим берүү мейкиндигин уюштуруунун мыкты тажрыйбаларын көрсөтүүгө жана өз ара тажрыйба алмашууга шарт түздү.

Мындай иш-чараларды өткөрүү окуучулардын мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттырууга, педагогдордун кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө жана билим берүү процессинде кыргыз тилинин ролун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.