Бишкек шаарынын «Ош базары» соода  комплексинин аймагында эттин белгиленген бааларынын сакталышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрүлдү.

Рейдге Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлери, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Ленин райондук ветеринардык кызматтын өкүлдөрү, ошондой эле Ленин райондук Мамлекеттик салык башкармалыгынын инспекторлору катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлер арасында уй жана кой этинин (сөөксүз эттен тышкары) белгиленген бааларын сактоо, ошондой эле социалдык мааниге ээ башка азык-түлүктөрдүн бааларын негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бааларга мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик жөнгө салуунун талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө иштери туруктуу негизде улантылат.