Бишкек шаарынын райондорунда V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча тургундардын чогулуштары уланууда.
2026-жылдын 13-октябрында Ленин районунун № 106 муниципалдык аймактык башкармалыгынын (МАБ) аймагында 178 тургундун катышуусунда чогулуш өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында V Элдик курултайда жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын коргой турган 14 делегат шайланды.
Октябрь районундагы чогулуш № 405 муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында өттү. Иш-чарага жергиликтүү жамааттын 72 тургуну катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 25 өкүл шайланды.
Биринчи Май районундагы № 207 муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында 80 тургундун катышуусунда чогулуш өткөрүлдү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 6 делегат шайланды.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык өткөрүлүүдө.







