Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Медербек Амангелдиев Амангелдиевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Свердлов райондук администрациясынын башчысы кызматынан бошотулду.

Аталган кызматка буга чейин Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген Караев Бакыт Өмүрбекович дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

Район акиминин эмгек жолу менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: https://docs.google.com/document/d/1qgXkTzomCHkix1cwea7L_colxdexfE5Q/edit?usp=sharing&ouid=108855463050776696416&rtpof=true&sd=true

Караев Бакыт Өмүрбекович

Амангелдиев Медербек Амангелдиевич