2026-жылдын 5-октябрынан 9-октябрына чейин Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин XX юбилейлик Жаштар Дельфий оюндары өттү. Кыргыз Республикасынын курама командасы абройлуу эл аралык маданий форумда өлкөбүздүн атынан татыктуу чыгып, алтын, күмүш жана коло медалдарга, ошондой эле атайын дипломдорго ээ болду.
Быйылкы оюндарга КМШнын тогуз мамлекетинен: Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген 10 жаштан 25 жашка чейинки 350дөн ашуун жаш талант катышты.
Сынактын программасы 10 номинацияны камтыды: фортепиано, скрипка, сүрөт искусствосу, академиялык ырдоо, элдик ырды жеке аткаруу, эстрадалык ырдоо, элдик бий, көркөм кол өнөрчүлүк, үйлөмө жана элдик музыкалык аспаптар.
Катышуучулардын өнөрүн КМШ өлкөлөрүнүн маданият, искусство, илим жана билим берүү тармактарындагы 40 абройлуу өкүлүнөн турган эл аралык калыстар тобу баалады.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында 35 адам болду. Алардын катарында таланттуу аткаруучулар, окутуучулар, чыгармачыл жамааттардын жетекчилери, эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү жана конференциянын катышуучулары бар.
Кыргызстандын атынан өлкөдөгү алдыңкы маданият жана искусство окуу жайларынын тарбиялануучулары жана студенттери катышты:
К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы;
М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайы;
С. А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайы;
«Шаттык» элдик үлгүлүү бий ансамбли.
Кыргыз Республикасынын курама командасынын КМШга катышкан мамлекеттердин XX юбилейлик Жаштар Дельфий оюндарына катышуусу Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен ишке ашты. Көрсөтүлгөн колдоо эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана Кыргызстандын чыгармачылык дараметин эл аралык деңгээлде таанытууга кошулган маанилүү салым болду.
Бул жетишкендик жаш муундун чыгармачылык дараметинин жогору экенин, өлкөбүздөгү көркөм билим берүү мектебинин кесипкөйлүгүн жана Кыргызстандын бай маданий салттарын дагы бир жолу тастыктады.
Сынактын жыйынтыгы боюнча кыргызстандыктардын жетишкендиктери Кыргызстандын өкүлдөрү аткаруучулук чеберчиликтин жогорку деңгээлин көрсөтүп, төмөнкү сыйлыктарга ээ болушту.
АЛТЫН МЕДАЛЬ
Ольга Севостьянова — Калыя Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти.
Номинация: «Академиялык ырдоо».
Жаш курагы: 22–25 жаш.
КҮМҮШ МЕДАЛДАР
Арууке Аскаралиева — Семён Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын студенти.
Номинация: «Сүрөт искусствосу».
Жаш курагы: 18–21 жаш.
«Шаттык» элдик үлгүлүү бий ансамбли.
Номинация: «Элдик бий».
Жаш курагы: 14–22 жаш.
КОЛО МЕДАЛЬ
Арина Карпова — Семён Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын студенти.
Номинация: «Көркөм кол өнөрчүлүк».
Жаш курагы: 15–18 жаш.
АТАЙЫН ДИПЛОМДОР
Даниэль Пак — М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын студенти.
Номинация: «Фортепиано».
Жаш курагы: 14–17 жаш.
«Чыгармачылык дарамети үчүн» диплому менен сыйланды.
Сыймык Сатыбалдиев — Калыя Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти.
Номинация: «Академиялык ырдоо».
Жаш курагы: 22–25 жаш.
Диплом менен сыйланды.
Диана Жумадылова — Калыя Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти.
Номинация: «Элдик ырды жеке аткаруу».
Жаш курагы: 18–25 жаш.
Диплом менен сыйланды.
Кыргыз Республикасынын курама командасынын XX юбилейлик Жаштар Дельфий оюндарындагы ийгиликтүү катышуусу өлкөбүздүн көркөм билим берүү тармагы таланттуу, максатка умтулган жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаш искусство өкүлдөрүн тарбиялап жатканын айкын көрсөттү.
Ар бир жеңип алынган медаль жана ар бир диплом — катышуучулардын көп жылдык эмгегинин, чыгармачылык изденүүсүнүн, өжөрлүгүнүн жана алардын устаттарынын аракетинин натыйжасы.

















