2026-жылдын январь–сентябрь айларында Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 8 427 объект демонтаждалып, жалпы аянты 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
Анын ичинде жеңил типтеги 4 062 объект, капиталдык курулуштар, кошумча курулмалар, тосмолор жана пайдубалдардан турган 1 093 объект, ошондой эле 3 272 жарнамалык конструкция алынган.
Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект демонтаждалган. Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын, Чоң Чүй каналынын жана башка суу объектилеринин жээктериндеги аймактарды тазалоо учурунда 56 курулуш алынган. Ал эми Түндүк айланма жолун реконструкциялоо жүрүп жаткан тилкеде 44 объект демонтаждалган.
Тогуз айдын ичинде укук бузуулар боюнча жалпы суммасы 76 млн 144 миң сомду түзгөн 2 101 протокол түзүлгөн. Мындан тышкары, муниципалдык жерлерди иш-жүзүндө пайдалангандыгы үчүн ижара акысы катары 85 млн 619 миң сом өндүрүлгөн.
Отчеттук мезгилде башкармалык тарабынан сотко 50 доо арызы берилген жана 466 соттук отурумга катышылган. «Менин шаарым» («Мой город») тиркемеси аркылуу шаар тургундарынан 1 032 кайрылуу түшүп, отчет даярдалып жаткан учурда алардын 88и кароодо болгон.
Бишкек шаарында муниципалдык жерлерди бошотуу жана шаар аймагында тартипти камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.







