2026-жылдын 14-октябрында Улуттук «Манас» театрында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин иш планына ылайык, № 14 «Баластан» муниципалдык бала бакчасы менен биргеликте уюштурулган «Манастын урпактары — көчмөн оюндарында» аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик, уңгу жол» Жарлыгын ишке ашыруу, мектепке чейинки курактагы балдарды кыргыз элинин бай тарыхый мурасы, улуттук маданияты, каада-салттары жана «Манас» эпосундагы руханий баалуулуктар менен тааныштыруу максатын көздөдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкери Кутмырза Исаевич Жакыбалиев, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, тарбиячылар, № 14 «Баластан» бала бакчасынын тарбиялануучулары, алардын ата-энелери жана «Манас» театрынын кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар Манастын эрдиктери, Мекенге болгон сүйүүсү, элдин биримдиги, достук, эр жүрөктүүлүк жана адилеттүүлүк идеялары менен таанышышты. Салттуу көчмөн оюндар аркылуу балдар ата-бабалардан калган мураска жакындан таанышып, кыргыз элинин улуттук каада-салттарына жана маданий баалуулуктарына кызыгуусун арттырышты.

Программага мектепке чейинки курактагы балдарга ылайыкташтырылган улуттук оюндардын элементтери киргизилди. Алардын катарында улак тартыш, кыз куумай, жаа атуу жана таяк тартыш оюндары болду. Ошондой эле улуттук күүлөр жаңырып, элдик каада-салттардын элементтери жана чакан сахналаштырылган көрсөтүүлөр тартууланды.

Оюндарга жана чыгармачылык номерлерге катышуу балдардын кыймыл-аракетин, шамдагайлыгын, тапкычтыгын өнүктүрүүгө, бири-бири менен өз ара аракеттенүү жана командада иштөө жөндөмдөрүн калыптандырууга өбөлгө түздү.

Иш-чарада улууларды урматтоо, кичүүлөргө кам көрүү, достук жана өз ара жардамдашуу сапаттарын тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулду.

Бул иш-чара өсүп келе жаткан  муундун улуттук аң-сезимин калыптандырууга, кыргыз элинин маданий мурасын сактоого жана руханий баалуулуктарын балдарга кичинекей кезинен тартып сиңирүүгө багытталган маанилүү демилгелердин бири болду.