Бишкек шаарынын райондорунда V Элдик курултайга өкүлдөрдү шайлоо боюнча жергиликтүү тургундардын жыйындары уланууда.

2026-жылдын 14-октябрында Биринчи май районундагы № 208 муниципалдык аймактык башкармалыктын (МАБ) аймагында жергиликтүү жамааттын 62 тургунунун катышуусунда жыйын өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 6 өкүл шайланды.

Ленин районундагы № 107 жана № 108 муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймактарында да жыйындар өткөрүлдү. № 107 МАБда 70тен ашуун тургун, ал эми № 108 МАБда 80ге жакын адам катышты. Жыйындардын жыйынтыгында ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктан V Элдик курултайга 14төн өкүл шайланды. Ошентип, эки МАБдан жалпы 28 өкүл тандалды.

Свердлов районундагы № 66 мектепте өткөн жыйынга 76 жаран катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында V Элдик курултайга катышуу үчүн 15 делегат шайланды.

Октябрь районундагы № 406 муниципалдык аймактык башкармалыктын аймагында жергиликтүү жамааттын 80 тургуну чогулду. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 22 өкүл шайланды.

Жыйындар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык өткөрүлүүдө.