Муниципалдык коомдук транспорттун катышуусунда болгон жол-транспорт кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.
Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жооптуу кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.
Эске салсак, жол-транспорт кырсыгы 15-октябрь күнү кечинде Лермонтов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон. Кырсыктын кесепетинен алты жеңил унаа жана № 38 автобус кагылышкан.