Бишкек шаарында Япониянын Нагоя шаарынын өкүлдөрүнүн жумушчу сапары өтүп, анын алкагында шаардык инфраструктурадан бөлүнүп чыккан көмүртектин көлөмүн азайтуу, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды.
Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр жана муниципалдык ишканалар менен өткөн жумушчу жолугушууларда тараптар жылуулук менен камсыздоо системаларын модернизациялоо, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана шаарлар аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү келечегин карашты.
Билим берүү мекемелеринин энергия натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында № 16, № 34 жана № 92 мектептердин имараттарын жылуулоо жана жылуулук насосторун орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чараларды ишке ашыруу энергетикалык ресурстарды керектөөнү азайтууга, имараттарды жылытуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана окуучулар менен кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Узак мөөнөттүү келечекте энергияны натыйжалуу пайдаланууга багытталган чечимдерди киргизүү зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын кыскартууга жана шаардын энергетикалык инфраструктурасына түшкөн жүктү азайтууга да өбөлгө түзөт.
Нагоя шаарынын өкүлдөрүнүн жумушчу сапары шаарларды туруктуу өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу жана практикалык чечимдерди талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду. Тараптар энергия натыйжалуулугун жогорулатуучу технологияларды өнүктүрүүнү жана көмүртек бөлүп чыгарууну азайтуу багытында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну камтыган мындан аркы кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныкташты.
Кызматташтыктын кийинки этабында Бишкек жана Нагоя шаарларынын ортосундагы эки жылдык өнөктөштүк программасынын алкагында меморандум даярдалып, ага кол коюу пландалууда. Документ биргелешкен иштин негизги багыттарын аныктап, көмүртек бөлүп чыгарууну азайтуу, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана шаарды туруктуу өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашууга жана долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзөт.





