Бишкек шаарында борбор калаанын жашыл фондун өнүктүрүүгө, сактоого жана көбөйтүүгө багытталган «Жашыл шаар» шаардык конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды.

Конкурс 2026-жылдын 15-апрелинен 25-сентябрына чейин Бишкек шаарындагы билим берүү уюмдарынын, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин (ТМЭШ), турак жай кооперативдеринин, үй жана кварталдык комитеттердин, ошондой эле ишкердик субъекттеринин арасында өткөрүлдү.

Конкурстун  жеңүүчүлөрү бир нече номинация боюнча аныкталды.

«Мыктыжашыл короо» номинациясы:
Ленин району боюнча:

1-орун — «Жакшылык» ТМЭШи, Фучик көчөсү, 16;

2-орун — «Айжаркын», Тимирязев көчөсү, 13.

Биринчи Май району боюнча:

1-орун — «Тулпар», Токтоналиев көчөсү, 26;

2-орун — «Вотум», Л. Толстой көчөсү, 2а.

Октябрь району боюнча:

1-орун — Элебаев көчөсү, 5;

2-орун — «Делиз», 11-кичи район, 27-үй.

Свердлов району боюнча:

1-орун — «Квазар», Гоголь көчөсү, 109;

2-орун — «Ак-Кеме», «Чыгыш-5» кичирайону, 30-үй.

«Конуштардагы мыкты жашыл көчө» номинациясы:
1-орун — Биринчи Май районундагы «Көлмө» конушунун Теңдик көчөсү;

2-орун — Свердлов районундагы «Айкөл» конушунун Белек жана Бакай көчөлөрү;

3-орун — Свердлов районундагы «Бакай-Ата» конушунун Бакай көчөсү.

«Гүлдөгөн бизнес-оазис» номинациясы:
1-орун — «Ак-Босого» конушундагы «Адеми» дүкөнү;

2-орун — Нарвская көчөсү, 31а/1 дарегиндеги «Марьям» кафеси.

«Мыкты жашыл билим берүү мекемеси» номинациясы:
1-орун — Ленин районундагы Ж. Садыков атындагы №84 жалпы билим берүү мектеби;

2-орун — Октябрь районундагы №117 «Баластан» атайын бала бакчасы;

3-орун — Свердлов районундагы К. К. Ажыгуулов атындагы №94 жалпы билим берүү мектеби.

Жашыл фондду көбөйтүү боюнча жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын арасында да жеңүүчүлөр аныкталды:

1-орун — Биринчи Май районундагы №206 муниципалдык аймактык башкармалык;

2-орун — Ленин районундагы №104 муниципалдык аймактык башкармалык;

3-орун — Ленин районундагы №107 муниципалдык аймактык башкармалык.

Конкурс аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча демилгелерди колдоого, жашыл көчөттөрдү сактоого, ошондой эле шаар тургундарын, уюмдарды жана ишкерлерди ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө активдүү катыштырууга багытталган.