Бүгүн, 16-октябрда жана эртең,  17-октябрда саат 17:00дөн 18:00гө чейин Панфилов атындагы паркта жакында ачылган жаңы амфитеатрда шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн концерттер өтөт.

Программада музыкалык чыгармалар, жандуу аткаруулар жана Бишкектин сүйүктүү эс алуу жайларынын биринде таза абада, жагымдуу жана жайлуу маанайда убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Белгилей кетсек, мындан ары борбор калаанын муниципалитети ар жума жана ишемби күндөрү артисттердин, элдик аткаруучулардын концерттерин жана ар түрдүү музыкалык программаларды уюштурууну пландаштырууда.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору!

Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди күзгү кечтерди жагымдуу маанайда өткөрүүгө чакырат. Үй-бүлөңүздөр, досторуңуздар жана жакындарыңыздар менен бирге келиңиздер!

Сиздерди бүгүн эле Панфилов атындагы парктын жаңы амфитеатрында күтөбүз!