Бишкек шаарынын өкүлдөрү Санкт-Петербург шаарында өткөн «Россиянын шаар куруусу: салттардын улануусу, заманбап чакырыктар жана өнүгүү келечеги» аттуу Бүткүл россиялык илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чара Россия Федерациясынын эмгек сиңирген архитектору, архитектура илимдеринин доктору, профессор Сергей Митягиндин 80 жылдык мааракесине арналды.

Бишкек шаарынын делегациясынын курамында мэрдин орун басары Атай Муратбек, Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин директорунун орун басары Данияр Балтагулов жана Бишкек шаардык башкы шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Медербек Кыдырмаев болду.

Конференцияны шаар куруу боюнча илимий-изилдөө институту, Санкт-Петербург жана Ленинград облусунун Архитекторлор союзу, ошондой эле Россиянын Архитектура жана курулуш илимдер академиясы уюштурду.

Бишкек шаарынын делегациясынын конференцияга катышуусу тажрыйба алмашууга, шаар куруу тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого жана аймактар аралык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Илимий жана долбоорлоо уюмдары менен кызматташуу, алдыңкы илимий изилдөөлөрдү жана чечимдерди жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ишке киргизүү шаар куруу процесстерин өркүндөтүүдө, борбор калаанын башкы планын ишке ашырууда жана шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.