Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева физикалык активдүүлүктү өнүктүрүүгө, реабилитациялоого жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарды коомго социалдык жактан интеграциялоого багытталган жаңы «Дарика» адаптивдүү спорт борборуна барды.

Көчмө жыйындын  жүрүшүндө ал борбордун иштөө шарттары, материалдык-техникалык базасы, ошондой эле балдардын физикалык өнүгүүсүнө жана реабилитациясына багытталган программалар менен таанышты.

Борбор аутизми, балдардын церебралдык шал оорусу (БЦШ), Даун синдрому жана өнүгүүсүндө башка өзгөчөлүктөрү бар балдар адаптивдүү спорт менен машыгып, физикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүп, ден соолугун чыңдай алышы үчүн түзүлгөн.

Борбордун ишин уюштуруу жана Түркиянын кесиптик тажрыйбасына негизделген ыкмаларды киргизүү максатында өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен иштөөдө 24 жылдан ашык тажрыйбасы бар адис Дарика Ажар чакырылган.

Рахат Мусаева мындай борборлорду түзүү ар бир баланын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, ден соолугун чыңдоого жана инклюзивдүү, тең укуктуу коомду калыптандырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Борбордун жабдылышына жана колдонулуп жаткан методикаларга жогору баа берген мэрдин орун басары жамаатка ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле бул долбоор Бишкек шаары үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, спорт аркылуу балдардын жаңы жетишкендиктерге жетишине жана коомго ийгиликтүү аралашуусуна кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн баса белгиледи.

Борбордун кызматкерлери заманбап спорттук жана реабилитациялык тренажёрлорду көрсөтүп, балдардын физикалык өнүгүүсүнө жана калыбына келишине багытталган программалар тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары, Рахат Мусаева мекеменин өкүлдөрү менен мындан аркы пландарды талкуулап, машыгуу иштерин уюштуруу жана адаптивдүү спортту өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи. Бул багыттагы кызматташтык муниципалитеттин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү — Социалдык өнүктүрүү департаменти, ошондой эле Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен биргеликте жүргүзүлөт.

Эске салсак, «Дарика» балдар адаптивдүү спорт борборунун салтанаттуу ачылышы Бишкек шаарында 2026-жылдын 10-октябрында өткөн.