Панфилов атындагы парктын жаңы амфитеатрында шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн алгачкы концерт уюштурулду. Концертке «Сувенир» ансамбли жана Тилек Найманбаев катышты.
Иш-чаранын конокторуна элдик ырлар тартууланды. Музыкалык программа кыргыз жана орус элдеринин маданий салттарын айкалыштырып, биримдиктин, достуктун жагымдуу маанайын жаратты.
Музыкалык кече элдик бийлер менен коштолду. Артисттердин өнөрүнө балдар да, чоңдор да кубануу менен кошулуп, кеченин көркүн ачышты.
Музыкалык кеченин соңунда Тилек Найманбаев сүйүктүү шаарыбыз Бишкекке арналган «Бишкегим» ырын аткарды. Көпчүлүккө тааныш обон жана Бишкек тууралуу жылуу сөздөр концерттик программанын көркүнө көрк кошуп, кеченин жагымдуу жыйынтыгы болду.
Белгилей кетсек, мындан ары борбор калаанын муниципалитети артисттердин, элдик аткаруучулардын өнөрлөрүн тартуулоону жана ар кандай концерттик программаларды ар жума жана ишемби күндөрү саат 17:00дөн 18:00гө чейин уюштурууну пландап жатат.






