2026-жылдын 18-октябрында «Бишкек Аренада» концерттик программа өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт.
Өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө.
Жүргүнчүлөргө сапарларын пландаштырууда каттамдардын убактылуу өзгөрүүлөрүн эске алуу сунушталат.
Белгилей кетсек, калган автобус каттамдары кадимки тартипте, өзгөрүүсүз каттайт.