18-октябрда Дзюдо боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин залында 2013–2014-жылы туулган өспүрүмдөр жана кыздар арасында Бишкек шаарынын ачык дзюдо турниринин салтанаттуу ачылышы болду.

Турнирди Бишкек шаарынын мэриясы 2010-жылдан бери жыл сайын өткөрүп келет. Быйыл мелдеш 16-жолу уюштурулууда.

Мелдеш Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын биринчи президенти, СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналды.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева жана Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн президенти Арафат Исмаилов катышты.

Рахат Мусаева өз сөзүндө турнирге катышкан балдардын жана кыздардын саны жыл сайын өсүп жатканын белгиледи. Алдыда мелдеш республикалык жана эл аралык деңгээлге чыгат деген ишенимин билдирди. Ошондой эле мэрия спорттук инфраструктураны өнүктүрүү иштерин улантып, балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин айтты.

Иш-чаранын алкагында Рахат Мусаева дзюдо боюнча «Спорт чеберине талапкер» наамына ээ болгон спортчуларга күбөлүктөрдү тапшырды. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн спорт тармагынын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыраазычылык каттарын жана ардак грамоталарын тапшырды.

Турнирге 350 жаш дзюдочу катышты. Мелдештин жыйынтыгында салмак категориялары боюнча жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Биринчи орунду ээлеген спортчуларга кубоктор тапшырылды.