2026-жылдын 17-октябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине караштуу жалпы билим берүү мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында № 68 жалпы билим берүү мектебинин базасында спартакиада өткөрүлдү.
Иш-чаранын ачылышында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева катышуучуларга ийгилик каалады.
Спартакиаданын негизги максаты — дене тарбияны жана спортту жайылтуу, сергек жашоо образын пропагандалоо, билим берүү тармагынын кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, ошондой эле командалык духту жана маданиятты өнүктүрүү.
Мелдешке борбор калаанын төрт районунун курама командалары катышты. Катышуучулар спорттук чеберчилигин, биримдигин жана жеңишке болгон умтулуусун бир нече дисциплина боюнча көрсөтүштү. Атап айтканда, аялдар жана эркектер арасында волейбол, эстафета, дартс, ошондой эле аялдар жана эркектер арасында аркан тартыш боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Мелдештин жыйынтыгында командалар төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:
Волейбол (аялдар):
* I орун — Ленин району;
* II орун — Свердлов району;
* III орун — Биринчи Май району;
* IV орун — Октябрь району.
Волейбол (эркектер):
* I орун — Ленин району;
* II орун — Биринчи Май району;
* III орун — Октябрь району;
* IV орун — Свердлов району.
Аркан тартыш (аялдар):
* I орун — Биринчи Май району;
* II орун — Свердлов району;
* III орун — Октябрь району;
* IV орун — Ленин району.
Аркан тартыш (эркектер):
* I орун — Свердлов району;
* II орун — Биринчи Май району;
* III орун — Ленин району;
* IV орун — Октябрь району.
Эстафета:
* I орун — Ленин району;
* II орун — Октябрь району;
* III орун — Биринчи Май району;
* IV орун — Свердлов району.
Дартс:
* I орун — Ленин району;
* II орун — Биринчи Май району;
* III орун — Октябрь району;
* IV орун — Свердлов району.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери дипломдор, медалдар, кубоктор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.













