17-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо С. Джуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жеңил атлетика боюнча биринчилигинин салтанаттуу ачылышы болду.

Мелдеш эки күнгө - 17–18-октябрга белгиленген.

Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандын бардык облустарынан келген 200дөн ашуун жаш спортчу катышты.

Спортчулар 2009–2010, 2011–2012 жана 2013–2014-жылдары туулган үч жаш курактык топ боюнча күч сынашты. Мелдештин программасына 60, 100, 200, 300 жана 400 метр аралыкка чуркоо, ошондой эле узундукка секирүү кирди.

Биринчиликтин максаты — балдар жана өспүрүмдөр арасында жеңил атлетиканы өнүктүрүү, келечектүү спортчуларды аныктоо жана алардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу.

Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана С. Джуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби уюштурууда.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери медалдар, грамоталар жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды.