15-октябрда Ленин районунун жер мунапысы боюнча комиссиясы талаштуу жер тилкелеринин бар экендигине байланыштуу № 477, № 498 жана № 519 контурларында жерине барып текшерүү иштерин жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышып, талаштуу жер тилкелерине байланышкан маселелерди карап чыгышты.
Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясы мэриянын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти менен биргеликте жер мунапысынын алкагында талаштуу маселелерди кароо боюнча иштерди улантууда.
Бул багыттагы иштер жер тилкелерине байланыштуу маселелерди белгиленген тартипте жөнгө салуу максатында жүргүзүлүүдө.





