2026-жылдын 8-октябрынан 15-октябрына чейин борбор калаанын төрт районунда Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча тургундардын жыйындары өткөрүлдү.
Шаардык жыйын 2026-жылдын 24-октябрында өтөт. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 18-декабрында өтө турган V Элдик курултайына катышуу үчүн Бишкек шаарынан 72 делегат шайланат.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык уюштурулду.
Борбор калаанын райондорунда өткөн жыйындардын жыйынтыгында жергиликтүү жамааттын 469 өкүлү шайланды.
Биринчи Май районунда 8 жыйын өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 75 өкүл шайланды. Ленин районунда 9 жыйын өтүп, 129 өкүл тандалды. Свердлов районунда 10 жыйын өткөрүлүп, 134 өкүл шайланды. Октябрь районунда 7 жыйын өтүп, анын жыйынтыгында 131 өкүл шайланды.
Жыйындарга борбор калаанын райондорунун тургундары жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катышты.







